ДЕМИЛГЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү бир иштин, аракеттин, саамалыктын башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган жол, баштаган аракет, дем берген күч. Кеп жолдо эмес, кеп демилгеде,– деп Зулай сөзгө кирди (Байтемиров). Ыракмат, кайраттуу энелер, сиздердин демилге бизге күч кошот (Сыдыкбеков). 2. Пайдалуу жаңы сунуш, жаңыдан башталган саамалык иш, чара. Чогулушта Мамбеткулдун демилгесин талкуулайлы (Каимов). Башкарма менин демилгеме ыраазы болуп, ошо замат мактоого ала кетти (Таштемиров).